# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 531
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16278/edition/1275168/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябры № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтому (23.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94742

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-сентябры № 531 Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 571, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тиркелген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 токтомуна тиркеме

Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңештин курамы

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 667 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
