# О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Стратегии развития социальной защиты населения Кыргызской Республики на 2012-2014 годы

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 526
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16273/edition/755941/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О Стратегии развития социальной защиты населения Кыргызской Республики на 2012-2014 годы (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94737

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-сентябры № 526 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын (мындан ары-Стратегия) мындан ары ишке ашыруу боюнча шарттарды түзүү, ошондой эле иштин жетишкен жыйынтыктарын бекемдөө максатында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 «2012-2014 жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдө турган «Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын; -жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын 3-тиркемесинде: «жооптуулар» деген графада: бүтүндөй тексттеги «КСКМ», «ЭЖСМ» жана «ЖӨБУА» деген аббревиатуралар «СӨМ», «ЭМ» жана «Этностор агенттиги»деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын; 2-пунктагы «Архкурулуш» деген аббревиатура «Курулуш агенттиги» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 4-пункттагы «Архкурулуш» аббревиатура «Экотехинспекция» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; 3, 4, 8, 9-пункттардагы «Мөөнөттөр» графасындагы «2012» деген цифралар «2013» деген цифралар менен алмаштырылсын; -жогоруда аталган Стратегиянын 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин; -жогоруда аталган Стратегиянын 4-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирге 2015-2017-жылдарга социалдык коргоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы багыттарды даярдоо боюнча маселени аягына чейин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
