# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 524
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16272/edition/470367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 524 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (24.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94735

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-сентябры № 524 "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 4-пункттагы "Администрациясы" деген сөз "Аппараты" деген сөзгө, "Коопсуздук" деген сөз "Коргоо" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 7-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"- зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин ишине мамлекеттик органдардын жетекчилерин, диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартылган диний уюмдардын өкүлдөрүн, тийиштүү эксперттерди жана адистерди тартуу, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча максаттуу жумушчу топторду түзүү;";

- 9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамында:

- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча)";

- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);";

- төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин статс-катчысы;";

- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;";

- он төртүнчү абзацтагы "жана маалымат" деген сөздөр "маалымат жана туризм" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- он бешинчи абзацтагы "Чек ара" деген сөз "Мамлекеттик чек ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жыйырма алтынчы абзацтагы "өкүлү" деген сөз "жетекчиси" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
