# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябры № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябры № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16270/edition/470421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябры № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтому (24.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94731

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-сентябры № 522

Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 36, 67-79-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 66-76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча ишти уюштуруу жана ишке ашыруу маселелерин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобо;

- Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобо.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
