# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16264/edition/470272/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94722

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 18-сентябры № 516 Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын биринчи этабын ишке ашыруунун иш-чараларынын тизмеги

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга карата 2013-2016-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- бул токтомду ишке ашырууну тиешелүү жылдагы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн;

- Иш-чаралар планына ылайык тейлеген тармактары боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгып, бекитишсин жана Иш-чаралар планын аткарууну камсыздашсын;

- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен жогоруда аталган Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматты жалпылаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен, Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпылаштырылган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.

4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
