Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года № 355 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере высшего и среднего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-сентябры № 514 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына - ылайык, абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жана тандап алуу жол-жоболорун жана жогорку кесиптик окуу жайларга кабыл алууну жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
"жыл сайын" деген сөздөр алып салынсын; "тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "үч жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттагы "кыргыз, орус же башка каалаган тилде" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"24. Тестирлөөнүн эрежелеринде каралгандай бул тестирлөөнү өткөрүп жаткан КТКнын өкүлдөрүнүн колу коюлган, чыгаруу жөнүндө протокол түзүлгөн учурда абитуриент тестирлөөдөн чыгарылат. Тестирлөөдөн чыгарылган абитуриент ошол жылы тест тапшыруу укугунан ажырайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:
- 2.6-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Гранттык комиссия тарабынан сертификаттардын штрих-кодун саноо жолу менен абитуриенттерди каттоодон өткөрүүдө электрондук каражаттар колдонулган учурда каттоо журналдарын милдеттүү түрдө толтуруу зарыл эмес. Абитуриентке кабыл алынгандыгы жөнүндө айрылган талондун тил каты берилет. Конкурска катышкан абитуриенттердин компьютердик маалымат базасынын коргоочу каражаттары болууга тийиш.";
- 2.9-пункттун биринчи абзацы "каттоо журналындагы" деген сөздөрдөн кийин "же абитуриенттердин компьютердик маалымат базасындагы" деген сөздөр менен толукталсын.
- 3.11-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 4.3-пункттун экинчи абзацындагы ", медициналык маалымкат" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуужайларына абитуриенттерди тандоо жанакабыл алуу жөнүндө Жобо (Жалпы республикалык…Положение · 27.05.2011 · № 256
- Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому…Положение · 02.06.2006 · № 404
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.05.2011 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 " Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 256 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон