# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 512
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16260/edition/1056802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94717

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-сентябры № 512 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемеси жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" мекемесинин ишинин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине, "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы № 104 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасында "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы" деген позициясы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дыйканбаев Казы Дыйканбаевич атындагы дипломатиялык академиясы" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Жобосун жана анын структурасын бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын структурасы жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын структурасы жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-апрелиндеги № 240 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 31-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
