# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 510
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94713>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16259/edition/469558/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94713.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94713

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-сентябры № 510 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 11-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин "Кыргызгипрозем" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун (мындан ары - "Кыргызгипрозем") кыртыштардын бонитетинин жана чабындылардын түшүмдүүлүгүнүн сапаттык абалын балл менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөндүгү жөнүндө корутундусу.";

- 27-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
