# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 508 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 508 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 508
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94711>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16257/edition/469382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94711.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 508 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94711

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-сентябры № 508 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору", 1999-жыл, № 2, 77-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 553-1-берене төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Администрациялык иш үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда иш кагаздарына тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору", 1999-жыл, № 10, 442-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 89-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кылмыш-жаза иши үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда иш кагаздарына тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
