Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-сентябры № 508 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору", 1999-жыл, № 2, 77-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 553-1-берене төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Администрациялык иш үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда иш кагаздарына тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору", 1999-жыл, № 10, 442-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 89-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кылмыш-жаза иши үчүн маанилүү документтердин түп нускасын мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден алып коюуга тыюу салынат. Мындай учурларда иш кагаздарына тиркөө үчүн документтердин түп нускаларынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3949-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 09.04.2014 · № 3949-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 3633-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 28.11.2013 · № 3633-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3772-V "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 22.01.2014 · № 3772-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-июнундагы № 4137-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 11.06.2014 · № 4137-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4194-V "“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык…Постановление · 19.06.2014 · № 4194-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон