# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16256/edition/469091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94710

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-сентябры № 507 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосундагы макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "коомунун менчигине" деген сөздөр "коомуна" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 6-пункттагы "менчикке" деген сөз алып салынсын;

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Токтогул, Тогуз-Торо жана Жумгал райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:

- бул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн;

- долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенден кийин жер участокторуна укукту ырастоочу документтер менен чечимдерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
