# КР ӨКмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР ӨКмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 498
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94701>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16248/edition/468921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94701.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтому (09.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94701

---

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2013-жылдын 9-сентябры № 498 Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө Кыргыз Республикасында ички аудитти өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17-беренелерине, "Ички аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги Ички аудит боюнча кеңештин жеке курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
