# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 496 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 496 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 496
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16246/edition/469084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94699.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 496 "Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "токтому (09.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94699

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 9-сентябры № 496 Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 13-беренесинде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Бишкек шаарында 2013-жылдын 27-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү тажик тарапка жиберсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
