# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябры № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябры № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 495
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16245/edition/988698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябры № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (06.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94698

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 669 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 9-сентябры № 495 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-мартындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2012-2014-жылдарда өнүктүрүүнүн Стратегиясын бекитүү жөнүндө" жана 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомдорун көңүлгө алуу менен салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси) түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "АйТи-сервис" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу зарыл болгон уюштуруу-техникалык чараларды көрсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
