# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 492 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 492 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 492
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16242/edition/468872/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 492 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (09.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94695

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 9-сентябры № 492 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- үчүнчү абзацы "ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан" деген сөздөрдөн кийин "(өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, мамлекеттик чек араны коргоо жана кайтаруу жаатындагы ички иштер, улуттук коопсуздук, коргоо, жазык-аткаруу тутумунун маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардан, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
