Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-сентябры № 486 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж. № 5, 153-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1-берене.
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Жашырындык даражасы - мамлекеттик сырлар алардын мамлекет үчүн маанилүүлүгү жана баалуулугу менен мүнөздөлөт. Мамлекеттик сырларга жашырындык даражасы боюнча "өтө маанилүү", "өтө жашырын" жана "жашырын" деген жашырындык грифи берилет.
2. 10-статьяда:
- 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Текшерүү иш-чараларынын көлөмү алар менен иштөөгө уруксат берилүүчү маалыматтардын жашырындык даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзгөн, маалыматтардын жашырындыгынын үч даражасына туура келген, мамлекеттик сырлар менен иштөөгө уруксат берүүнүн өзгөчө маанилүү, өтө жашырын жана жашырын маалыматтардын үч формасы белгиленет. Жарандарда жашырындыктын кыйла жогорку даражасындагы маалыматтар менен иштөөгө уруксаттын болушу, алардын андан төмөн даражадагы жашырын маалыматтар менен иштөөсүнө уруксат берүүгө негиз болуп эсептелет.";
- статья төмөнкү мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик сырлар менен туруктуу негизде иштөөгө уруксат берилген жарандар үчүн төмөнкү жеңилдиктер белгиленет:
- иштөөгө уруксат берилген маалыматтардын жашырындык даражасына ылайык кызмат маянасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген пайыздык кошумча акы;
- мамлекеттик бийлик органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар уюштуруучулук жана (же) штаттык иш-чараларды өткөрүү учурунда режимдик-жашырын бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн өз иш орундарында калуу артыкчылык укугу. Аталган категориядагы кызматкерлерди кызматка дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.".
3. 11-статьяда:
1-бөлүктө:
- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыш жана башка оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн сотто же тергөөдө тургандар, өзүнүн жана ошондой эле жакын туугандарынын мындай кылмыштар үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу барлар;";
- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
- аларга карата улуттук коопсуздук органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте расмий сактык чаралары жарыялангандар;";
- 4-абзацында:
"өзү жөнүндө" деген сөз алып салынсын; "боюнча" деген сөздөн кийин "анкеталык маалыматтарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 31 октябрындагы № 3531-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 31.10.2013 · № 3531-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 3604-V «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 21.11.2013 · № 3604-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3697-V "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 18.12.2013 · № 3697-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндөЗакон · 15.12.2017 · № 210 (15)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон