# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94685>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16233/edition/468758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94685.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 483 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94685

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-сентябры № 483 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 23-берененин 6-бөлүгүндө "50дөн" деген цифралар жана сөздөр "80ден" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

"Пенсияларды эсептөө үчүн эмгек акысына түзөтүү коэффициенттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 6, 193-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 4-беренедеги "50" деген цифралар "80" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3-берене.

Бул Мыйзам 2013-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
