Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 „Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-августу № 474 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 6 жана 44-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада:
- төмөнкү мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Экспорттун бажы режиминде бажылык тариздөө үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучулары тарабынан документтердин төмөнкү формалары колдонулат:
- инвойс (эсеп-фактура);
- ташып жеткирүүнүн ыкмаларына жараша товардык-транспорттук документтер: МДП (TIR CAR№ET) китепчеси, товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТК), эл аралык автомобилдик коштомо кагазы (CMR), авиа коштомо кагазы, эл аралык байланыштын темир жол коштомо кагазы (СМГС);
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан алып чыгууга уруксат берүү тартиби менен белгиленген өзгөчө товарларды Кыргыз Республикасынан экспорттоого лицензия же уруксат берүү.";
- 7-пункттун биринчи абзацы "тариздөө" деген сөздөн кийин "6-1-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн тышкары башка бажы режимдерин колдонуу учурунда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7.1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- инвойс (эсеп-фактура);";
- 13-пункттагы "маалыматтарды," деген сөздөн кийин "анын ичинде "Бирдиктүү терезе" маалыматтык тутуму аркылуу мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан берилүүчү электрондук тастыктамалар, корутундулар жана күбөлүктөр жөнүндө кабарларды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт…Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон