# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16223/edition/468264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө" токтому (29.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-августу № 472 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-каттын ченемдеринде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча Макулдашуу-кат бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашуу-катты аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка билдирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
