Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы „Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү“ долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-августу № 472 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-катты бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча макулдашуу-каттын ченемдеринде каралган мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын Институттук өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Жеке секторду өнүктүрүүнүн потенциалын күчөтүү" долбоору боюнча Макулдашуу-кат бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аталган Макулдашуу-катты аткарууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банкка билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон