# 2013-жылдын 29-августу № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргообоюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: 2013-жылдын 29-августу № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргообоюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 471
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16222/edition/468111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2013-жылдын 29-августу № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргообоюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (29.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94671

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-августу № 471 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргообоюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун өз ара пайдалуу варианттарын издөө максатында "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча Консультациялык кеңештин (мындан ары - Консультациялык кеңеш) айрым мүчөлөрүнүн башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомун ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен түзүлгөн Консультациялык кеңештин курамына:

- төмөнкү адамдар киргизилсин:

Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Артыкбаев Расул Саткынович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;

- Чунуев И.К. курамдан чыгарылсын;

- "Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору" деген сөздөр "энергетика жана өнөр жай министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
