# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94666>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16217/edition/985034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94666.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (25.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94666

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-августу № 466 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына ар кандай категориядагы документтерди тариздөөдө андан ары көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

17-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту белгисиз себептер менен мөөнөтү өтүп кетсе жана алмаштырганга тапшырылбаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы арыз берүүчүгө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык формада консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкат берет.";

- Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык 7-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 токтомуна тиркеме

"7-тиркеме

Талап кылынган жерге

Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө МААЛЫМКАТ

Бул маалымкат менен Кыргыз Республикасынын жараны \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жалпы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, жарандык паспорттун ээсинин аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, (сериясы, номери, датасы, документ берген \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, мамлекеттик органдын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тарабынан (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемесинин аталышы) консулдук эсептен чыгарылганы ырасталат.

Маалымкат берилген: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызмат орду, ыйгарым укуктуу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_. кызмат адамынын аты-жөнү)

М.О. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

201\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_
