Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 „Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительтсва КР от 25 ноября 2019 года № 632 "Об утверждении Положения о порядке постановки на консульский учет и снятия с консульского учета граждан Кыргызской Республики посредством использования автоматизированной информационной системы "Консульский учет"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-11-25.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-августу № 466 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына ар кандай категориядагы документтерди тариздөөдө андан ары көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
17-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту белгисиз себептер менен мөөнөтү өтүп кетсе жана алмаштырганга тапшырылбаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы арыз берүүчүгө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык формада консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкат берет.";
- Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык 7-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 токтомуна тиркеме
"7-тиркеме
Талап кылынган жерге
Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө МААЛЫМКАТ
Бул маалымкат менен Кыргыз Республикасынын жараны ________________ (жалпы ______________________________________________________________________, жарандык паспорттун ээсинин аты-жөнү) ______________________________________________________________________, (сериясы, номери, датасы, документ берген ______________________________________________________________________, мамлекеттик органдын аталышы) _____________________________________________________________ тарабынан (Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемесинин аталышы) консулдук эсептен чыгарылганы ырасталат.
Маалымкат берилген: ______________________________________________ (кызмат орду, ыйгарым укуктуу ______________________________________________________________________. кызмат адамынын аты-жөнү)
М.О. ________________________________
(колу)
201__-ж. "__" __________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо ( Кыргыз…Положение · 04.11.2011 · № 699 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу…Постановление · 25.11.2019 · № 632 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен…Постановление · 04.11.2011 · № 699 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу…Постановление · 25.11.2019 · № 632 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон