Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу айрым өткөрмө пункттарында бажылык тариздөөнү жана бажы контролун жүргүзүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-13.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-августу № 465 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу айрым өткөрмө пункттарында бажылык тариздөөнү жана бажы контролун жүргүзүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-майы № 288 токтомдун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 6-беренесине ылайык, Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасы тарабынын бир тараптуу тартипте адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүгө чектөө киргизүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасы тарабынан адамдарды, товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүгө киргизген чектөөсү алынып салынганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу төмөнкү өткөрмө пункттарда бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү убактылуу токтотулсун:
- кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында - "Жайыл авто жолу", "Камышановка авто жолу", "Кичи-Капка авто жолу", "Күркүрөө авто жолу";
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында - "Кара-Багыш авто жолу", "Ынтымак авто жолу", "Сейдикум авто жолу", "Бек-Абад авто жолу", "Кара-Суу авто жолу", "Сумсар авто жолу".
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бажылык тариздөө жана бажы контролун жүргүзүү кайра башталганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрмө пункттардан жеке жана юридикалык жактар тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүсүн болтурбоону контролдоону камсыз кылсын.
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-майы № 288 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажы контролунан өткөрүү токтотулганы тууралуу жана жеке жана юридикалык жактар тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүсүнө чектөө киргизилгени тууралуу Өзбекстан Республикасына жана Казакстан Республикасына маалымдасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 465 токтомуна тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппараты | ||
|---|---|---|
| ┌─────────────────────────┐ Борбордук бажы ├──────┤ └─────────────────────────┘ ├─────┤ бажы кызматынын ┌─────────────────────────┐ "Манас" бажысы ├──────┤ └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ "Түндүк" темир жол ├──────┤ ┌────────────────────────────┐ бажысы └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ Чыгыш бажысы ├──────┼─────┤ Түштүк-батыш бажысы └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ Камсыздоо борбору ├──────┤ └─────────────────────────┘ └─────┤ кинологиялык даярдоо борбору | ┌────────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы └────────────────────────────┘ ├─────┤ Батыш бажысы └────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────┐ └────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────┐ Кесипкөй жана | Россия Федерациясынын өкүлчүлүгү |
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы…Постановление · 13.05.2015 · № 288
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы…Постановление · 13.05.2015 · № 288
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон