# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 463
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16214/edition/467864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (16.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94661

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 16-августу № 463 "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек автовокзалы" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
