# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 462
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16213/edition/489971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94660

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 16-августу № 462 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Мыйзам долбоорлоо иштеринин сапатын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

4-пунктунда: "Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" деген графасында "II" деген цифра "III" деген цифрага алмаштырылсын; "Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактырылышы жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү" графасындагы "II" деген цифра "IV" деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
