# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августу № 458 " Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августу № 458 " Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 458
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16209/edition/1280510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августу № 458 " Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94655

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-августу № 458

Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 611, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин , Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 2 жана 4-беренелерине111-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 611 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Токой чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар:

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартипке ылайык токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондусунун жерлеринин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларынын токой каптаган аянттарынын наркын (ченемдик баасын) аныктасын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2013-жылдын 16-августундагы № 68 саны менен жарыяланды.

Премьер-министри

Ж. Сатыбалдиев
