Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-августу № 448
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, тышкы соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономиканын экспортко арналган негизги багыттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартиби төмөнкү мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баштапкы документтик контролдоо, жүк ташуучу транспорттук каражаттардын эсебин алуу жана мамлекеттик чек аранын периметри боюнча өткөрүү пункттарында салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габариттик контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмеси бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-2 пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"2-2. Бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Бажылык тариздөөнүн жана контролдоонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык тутуму колдонулган өткөрмө пункттарда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча, баштапкы контролдоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтык кабарлоону колдонуу аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга андан ары маалымат берүү менен транспорттук, санитардык-карантиндик жана фитосанитардык контролдоонун түрлөрү жүргүзүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жободо:
6-пунктта: "а" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында салмак - габариттик контролдоону жүргүзөт;"; "г" пунктчасы төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- бажы органдарынын кадрдык ресурстарынын керектөө болжолун ишке ашырат;"; 7-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык: бажы айланасындагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды реестрлерге киргизүүгө жана алардан чыгарууга; квалификациялык күбөлүктү берүүгө, колдонууну токтотууга жана чакыртып алууга;"; 9-пунктта: "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "борбордук аппараттын жана бажы органдарынын түзүмүн, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын дайындалышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;"; "в" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
- "борбордук аппараттын, бажы органдарынын штаттык ырааттамасын жана алар жөнүндө жоболорду;";
10-пункттун биринчи абзацындагы "экономикалык жөнгө салуу" деген сөздөр "экономика" деген сөзгө алмаштырылсын".
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирдикте ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик органдар ортосунда иш-милдеттерди бөлүштүрүү маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары бөлүмүнө ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 448 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак-габариттик контролдоо пункттарынын (СГКП) ТИЗМЕСИ
| 1 | Алматы - Ташкент - Термез Чымкент, Самарканд аркылуу (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара - Кара-Балта - Чалдыбар) | Чүй облусу, Аламүдүн району | Бишкек - Алматы автожолунун 18-чакырымы | "Ак-Жол"(**) |
|---|---|---|---|---|
| 2 | Алматы - Ташкент - Термез Чымкент, Самарканд аркылуу (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара- Кара-Балта - Чалдыбар) | Чүй облусу, Панфилов району | Бишкек - Ташкент автожолунун 98-чакырымы | "Чалдыбар" (**) |
| 3 | Түп-Кеген (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Ысык-Көл облусу, Түп району | Каркыра жери | "Каркыра"(**) |
| 4 | Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт (Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Нарын облусу | "Торугарт"(*) | |
| 5 | Ош - Ташкент Кокон, Анжиян аркылуу | Ош облусу, Кара-Суу району | Ош - Анжиян автожолунун 5-чакырымы, Достук айылы | "Достук"(**) |
| 6 | Кант - Кара суу (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Ысык-Ата району, Чүй облусу | Кант-Чүй көпүрөсү автожолунун 13-чакырымы | "Ак-Тилек"(*) |
| 7 | Кара-Балта - Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там (Кытай Эл Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Ош облусу, Чоң-Алай району | Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там автожолунун 257-чакыры- мы | "Эркеч- Там"(*) |
| 8 | Сары-Таш - Дароот-Коргон - Жекенди (Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Ош облусу, Чоң-Алай району | Сары-Таш - Комсомол- абад автожолунун 130-чакыры- мы | "Карамык"(**) |
| 9 | Кызыл-Бел айылынын түштүк чети (Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Баткен облусу, Баткен району | "Кызыл- Бел"(*) | |
| 10 | Чон-Капка айылы (Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Талас облусу, Манас району | "Чон-Капка" (*) | |
| 11 | Раззаков атындагы айылдан 0,5 км батышыраак (Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара) | Баткен облусу, Лейлек району | "Кайрагач"(*) |
Эскертүү: (*) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баштапкы транспорттук жана салмак-габариттик контролдоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтык кабарлоону колдонуу аркылуу транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга андан ары маалымат берүү менен салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт; (**) бажы иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таразалоочу жабдуунун орнотулушуна жараша салмак-габариттик контролдоо жүргүзүлөт; а/ж - автомобиль жолу.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча…Порядок · 08.08.2011 · № 454
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы транспорттук контролдоо пункттарынын (ТКП) тизмеси (Кыргыз…Перечень · 08.08.2011 · № 454
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо"Положение · 18.12.2009 · № 767 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган…Постановление · 19.11.2007 · № 556
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2009 · № 767
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.