# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 444
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16195/edition/1263548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому (03.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94637

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-августу № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өздөрүнүн актыларын ушул токтом менен бекитилген техникалык регламентке ылайык келтиришсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул токтом Бажы союзунун тиешелγγ техникалык регламенти Кыргыз Республикасынын аймагында кγчγнѳ киргенге чейин колдонулат. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-январы № 15 токтомдун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
