# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 442
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16193/edition/467091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 442 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94635

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-августу № 442 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 26-статьясынын экинчи бөлүгүндөгү "150," деген цифралар алып салынсын.

2. 163-статьясынын 5-бөлүгү "Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө" деген сөздөрдөн мурда "Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы)," деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
