# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 434
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94625>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16185/edition/760898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94625.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (12.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94625

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-июлу № 434 Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускаманы бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин талаптарын эске алып, эркин экономикалык зоналарда товарларды бажылык контролдоонун тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө экономикалык зоналарында (эркин экономикалык зоналарда) товарларды бажылык контролдоо боюнча убактылуу нускама 2014-жылдын 1-январына чейин колдонула тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эркин экономикалык зоналарда товарларды бажылык контролдоонун тартибин аныктоо бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
