# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 430
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16182/edition/1155073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (30.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94622

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-июлу № 430 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- жогорудагы аталган токтом менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын курамында:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;" позициясы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору;" позициясы менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
