# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 429 "Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 429 "Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 429
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94620>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16181/edition/558983/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94620.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 429 "Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому (07.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94620

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-июлу № 429 Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жыдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык) Байма-бай автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүүнү регламенттөөчү транспорт жаатындагы ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында, 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо 2014-жылдын 1-апрелине чейин, бирок ушул токтомдун 2-пунктунда кабыл алынуусу каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин колдонулаары белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
