КР Өкмөтүнүн «Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 июля 2014 года № 374 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Временных правил организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике» от 23 сентября 2013 года № 519"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-07-07.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-июлу № 429 Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жыдын 7-июлундагы № 374 токтомунун редакциясына ылайык) Байма-бай автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүүнү регламенттөөчү транспорт жаатындагы ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү максатында, 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо 2014-жылдын 1-апрелине чейин, бирок ушул токтомдун 2-пунктунда кабыл алынуусу каралган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин колдонулаары белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- "Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого ачык сынактарды өткөрүү жөнүндө" убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 429…Положение · 30.07.2013 · № 429
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 “Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү…Постановление · 07.07.2014 · № 374