# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралы № 85 ""Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралы № 85 ""Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94611>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16175/edition/939625/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94611.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралы № 85 ""Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94611

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 9-февралы № 85

"Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн акы төлөөнү системалаштырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"5. Юридикалык мааниси бар документтерди берүү жана башка аракеттерди жасоо үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө мамлекеттик пошлина алынат:

| а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүү үчүн: - Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыккан жарандарына; - биринчи жолу паспорт алгандарга, ошондой эле фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу алмаштыруу боюнча; - жоголгон же жараксыз болуп калгандын ордуна; б) Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн; в) жоголгондун же жараксыз болуп калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн; г) фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин же улутун өзгөртүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы жарандык паспорт берүү үчүн; д) Кыргыз Республикасынан чыгууга байланыштуу документтерди тариздөө үчүн: - убактылуу жашоого - туруктуу жашоого е) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгууга виза (күбөлүк) берүү үчүн же визанын (күбөлүктүн) колдонулуш мөөнөтүн узартуу үчүн; ж) Кыргыз Республикасына убактылуу келген чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга чет өлкөлүк паспортуна же аны алмаштыруучу документине виза берүү же анын колдонулуш мөөнөтүн узартуу үчүн: - Кыргыз Республикасынан чыгуу жана кийин Кыргыз Республикасына кирүү; - Кыргыз Республикасынын чегарасынан бир нече ирет өтүү; з) Кыргыз Республикасына башка мамлекеттерден адамдарды, Кыргыз Республикасынын жаранын, чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамдарды чакыруу жөнүндө мурда берилип жоготулган же болбосо бузулган документтердин ордуна берүү үчүн; и) Кыргыз Республикасынан чыгуу жана анын аймагына кирүү үчүн мурда берилген документке кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү (колдонулуш мөөнөтүн узартуудан башка) киргизүү үчүн; к) чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамдарга жашоого укук берүү, колдонулуш мөөнөтүн узартуу, ошондой эле мурда берилип жоголгон же болбосо бузулган документтин ордуна берүү үчүн; л) чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштыруучу документти каттоо же каттоонун колдонулуш мөөнөтүн узартуу үчүн; м) Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө аларды каттоо тартибинде, жарандыкка таандуулугун аныктоо жөнүндө арыздан; н) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө өтүнүч каттан; о) жашаган жери боюнча каттоо (прописка) үчүн: п) пропуска берүү үчүн; р) мамлекеттик карызкорлорду издөө боюнча кызматтар үчүн (ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан алынат); с) даректик маалыматтарды берүү үчүн; т) аңчылык, балыкчылык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу башка иштер боюнча укукка уруксаттарды берүү үчүн: - жеке адамдар үчүн; - юридикалык жактар үчүн | Минималдуу эмгек акынын нөлдүк ставкасы 30 сом 100 сом 60 сом 200 сом 100 сом минималдуу эмгек акынын бир эсе ставкасы эмгек акынын он эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын эки эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын үч эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын бир эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын бир эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын эки эсе ставкасы минималдуу эмгек акынын ставкасынын 50 проценти минималдуу эмгек акынын ставкасынын 20 проценти минималдуу эмгек акынын ставкасынын 50 проценти минималдуу эмгек акынын ставкасынын 5 проценти 5 сом 150 сом 3 сом минималдуу эмгек акынын ставкасынын 10 проценти минималдуу эмгек акынын бир эсе ставкасы |
| --- | --- |

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1994-жылдын 10-декабрындагы № 854;

- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 1994-жылдын 10-декабрындагы № 854 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 1997-жылдын 3-мартындагы № 119;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 1999-жылдын 9-декабрындагы № 673;

- "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2005-жылдын 23-июлундагы № 303.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ф.Кулов
