# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 423
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94609>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16173/edition/1108426/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94609.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94609

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-июлу № 423 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, санитардык-эпидемиологиялык контролдоо жаатында иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп саналат.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
