# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16172/edition/1165683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (15.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94608

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-июлу № 422

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерин социалдык коргоону жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 2-пункту "Мектептен тышкаркы балдар мекемелери" деген сөздөрдөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелери (балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептер, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубдары)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
