# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 421 "Автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 421 "Автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 421
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16171/edition/466304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94607.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 421 "Автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө" токтому (26.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94607

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-июлу № 421 Автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин автомашинага болгон керектөөсүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Кыргыз Республикасындагы качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын арызынын негизинде 2003-жылы чыгарылган "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы кузовунун № JTECB01J801011820, кыймылдаткычынын № НZ0420791, Кыргыз Республикасындагы техникалык паспортунун № 0002914 автомашинаны бажылык тариздөө мамлекеттин пайдасына баш тартылган бажылык режимде жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- 2003-жылы чыгарылган "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы кузовунун № JТЕСВ01J801011820, кыймылдаткычынын № НZ0420791, Кыргыз Республикасындагы техникалык паспортунун № 0002914 автомашинаны мамлекеттин менчигине кабыл алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркына баалоо жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын баасын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эске алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
