# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 420 "Мамлекеттин менчигине автомашинаны алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 420 "Мамлекеттин менчигине автомашинаны алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16170/edition/466288/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы № 420 "Мамлекеттин менчигине автомашинаны алуу жөнүндө" токтому (26.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94606

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 26-июлу № 420 Мамлекеттин менчигине автомашинаны алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын автомашинага болгон керектөөсүн камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун арызынын негизинде, "Чек араны контролдоо тутумун автоматташтыруу" долбоорунун алкагында 2006-жылы чыгарылган, кузовунун № JTGHJO1J73010216, кыймылдаткычынын № 1FZ0732210, ак түстөгү, "Тойота Лэндкрузер" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартууну тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны мамлекеттин менчигине алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркын бааласын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинаны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашинанын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
