# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 416
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16167/edition/466064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июлундагы № 416 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө" токтому (19.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-июлу № 416 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 71-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын транспорттук проблемаларын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан, аянты 0,58 га жер участок 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлонуп жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн тиркемеге ылайык чек ара схемасы менен алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын жерди эсепке алуу документтерине жана мурда берилген укукту аныктоочу документтерине белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт, коммуникациялар жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ж.Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июлундагы № 416 токтомуна тиркеме

ЧЕК АРА СХЕМАСЫ
