Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 19-июлу № 416 Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан 0,58 га аянттагы жер участокту 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлоонун жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20, 71-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын транспорттук проблемаларын чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын аймагынын түштүк четиндеги, Ахунбаев көчөсү, 1-а дарегинде жайгашкан, аянты 0,58 га жер участок 12-кичи райондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин долбоорлонуп жаткан автотранспорт магистралды куруу үчүн тиркемеге ылайык чек ара схемасы менен алынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык багынын жерди эсепке алуу документтерине жана мурда берилген укукту аныктоочу документтерине белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт, коммуникациялар жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ж.Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июлундагы № 416 токтомуна тиркеме
ЧЕК АРА СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон