# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 415
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94601>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16166/edition/465591/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94601.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (17.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94601

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-июлу № 415 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине, "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү процессин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2013-жылга чейин" деген сөздөр жана цифралар "2014-жылдын 31-июлуна чейин" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасында:

бүткүл тексти боюнча "470-862 МГц" цифралары жана аббревиатурасы "470-790 МГц" цифраларына жана аббревиатурасына алмаштырылсын; расмий тилдеги текстинин 4-главасынын 5-пунктчасынын экинчи абзацындагы "телевизионных каналов" жана "телевизионных канала" деген сөздөр "телевизионный канал" деген сөздөргө алмаштырылсын;

## 7-глава

нын 11-пунктчасынын он үчүнчү абзацындагы "2013-жылга чейин" деген сөздөр жана цифралар "2014-жылдын 31-июлуна чейин" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген жыштыктарды бөлүштүрүүлөрдү (мультиплекстерди) пайдалануу тартибинде:

"Жеткиликтүү жыштык бөлүүлөрдүн жалпы саны" графасындагы "14", "23", "24", "30", "49", "52", "51", "27" цифралары тиешелүү түрдө "13", "22", "20", "26", "44", "45", "44", "25" цифраларына алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу чаралары | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Жооптуу аткаруу- чулар |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1-этап. Санариптик берүүнү ишке киргизүү үчүн платформаларды түзүү жана контентти өнүктүрүү |  |  |  |  |  |  |
| 1 | Жыштыктарды ыйгаруу пландарын иштеп чыгуу | 2013- 2015-жыл- дар | МБАнын каралган каражатта- рынын чегинде | "Женева-06" планына ылайык жыйынтыктарды ыйгаруу планын иштеп чыгуу | Санариптик берүү үчүн жыштыктарды ыйгаруунун макулдашылган планы | МБА |
| 2 | Жер бетиндеги санариптик эфирдик берүүнү ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасы- нын мыйзамдарын инвентариза- циялоо | Санарип- тик берүүгө өтүүнүн бардык мезгили- нин ичинде | Талап кылынбайт | Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларын инвентариза- циялоо | Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы- нын жаңы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу же тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | ТКМ, ММТМ, МБА |
| 3 | Кыргыз Республикасы- нын калкын сапаттуу (SТВ) сет-топ-бокс- тар менен камсыздоону контролдоо | 2013- 2015- жылдар | Талап кылынбайт | SТВ тастыктамасын минималдык техникалык талаптарга шайкеш уюштуруу | Кыргыз Республикасы- нын калкын сапаттуу SТВ менен камсыз кылуу | МБА |
| 4 | Контент-про- вайдерлерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу | 2013- 2015- жылдар | Талап кылынбайт | Зарыл болгон учурда телекөрсөтүү программала- рынын контентин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Телекөрсөтүү программала- рынын контентин өнүктүрүүгө шарттарды түзүү | ММТМ, КТРК (макулда- шуу боюнча), ЭлТР (макулда- шуу боюнча) |
| 5 | Контентти кыргыз тилинде түзүү боюнча мамлекеттик тапшырыкты жайгаштыруу | 2013-жыл- дын декабры | ММТМнын, КТРКнын, ЭлТРнын жана облустук, жеке телерадио компания- лардын каралган каражатта- рынын чегинде, ошондой эле инвести- циялардын, гранттык жана демөөрчү- лүк каражат- тардын эсебинен | Мамлекеттик программалар- ды кыргыз тилинде уюштуруу | Контенттерди өнүктүрүү | ММТМ, КТРК (макулда- шуу боюнча), ЭлТР (макулда- шуу боюнча) |
| 6 | Күнү-түнү көрсөтүүчү мультиплика- циялык, кинотасмалык жана музыкалык каналдарды кыргыз тилинде түзүү | 2014-жыл- дын январынан баштап | ММТМнын, КТРКнын, ЭлТРнын жана облустук, жеке телерадио компания- лардын каралган каражатта- рынын чегинде, ошондой эле инвести- циялардын, гранттык жана демөөрчү- лүк каражат- тардын эсебинен | Контентти кыргыз тилинде түзүү | Контенттин кыргыз тилиндеги көлөмүн көбөйтүү | ММТМ, КТРК (макулда- шуу боюнча), ЭлТР (макулда- шуу боюнча) |
| 2-этап. Сынакты өткөрүү |  |  |  |  |  |  |
| 7 | Санариптик берүү үчүн радиожыштык- тарды алууга сынак | 2013-жыл- дын III кварталы | Катышуучу- лардын каражатта- рынын эсебинен | Санариптик берүү үчүн радиожыштык- тарды алууга сынак өткөрүү | Санариптик берүү үчүн радиожыштык- тарды алууга талапкерлерди аныктоо | ТКМ, МБА |
| 8 | Телекөрсөтүү программала- рынын социалдык пакетин аныктоо | 2013-жыл- дын III кварталы | Талап кылынбайт | Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программала- рынын тизмегин аныктоо жана бекитүү | Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программала- рынын тизмеги | ММТМ |
| 3-этап. Санариптик берүү тарамын өнүктүрүү |  |  |  |  |  |  |
| 9 | Кыргыз Республикасы- нын санариптик телерадиобе- рүү тарамын түзүү жолу аркылуу Кыргыз Республикасы- нын аймагын санариптик берүү менен камтууну камсыз кылуу | 2013- 2015-жыл- дар | "Кыргыз- телеком" ААКнын каралган каражатта- рынын чегинде | Санариптик берүү тарамын өнүктүрүүнү жана модернизация- лоону камсыздоо | Кыргыз Республикасы- нын аймагын санариптик эфирдик берүү менен камтуу | ТКМ, МБА, "Кыргызте- леком" ААК |
| 10 | Санариптик телекөрсөтүү приставкала- рын жана санариптик берүүдөгү телевизорлор- ду чыгарууга жана Кыргыз Республикасы- на ташып келүүгө өбөлгө түзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2013- 2015-жыл- дар | МБАнын, МСКнын бюджетинин чегинде | Абоненттик терминалдарды жана санариптик берүүдөгү телевизорлор- ду чыгарууну жана ташып келүүнү жөнгө салуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы- нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | Минималдык талаптарга шайкеш келбеген абоненттик терминалдарды ташып келүү тобокелдигин төмөндөтүү, Кыргыз Республикасы- нын аймагында абоненттик терминалдарды чыгаруу үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү, санариптик берүүгө өтүү мөөнөтүн кыскартуу ж.б. | ТКМ, МБА, МСК, МБК |
| 11 | Кыргыз Республикасы- нын санариптик телерадиобе- рүү тарамдарында шарттуу жеткиликтүү- лүк тутумдарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө | 2013-жыл- дын IV кварталы | Талап кылынбайт | Акы төлөнүүчү теле жана радио программала- рынын жеткиликтүү- лүгүн уюштуруу | Социалдык пакет программалары менен шарттуу жеткиликтүү- лүк тутумунун ортосун ажыратуу | ТКМ, МБА |
| 4-этап. Санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо |  |  |  |  |  |  |
| 12 | Учурдагы абалды талдоо жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2015-жыл | Талап кылынбайт | Учурдагы абалга баа берүү жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү өз убагында аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу | Санариптик берүүгө өтүү аяктайт | ТКМ, ММТМ, МБА, "Кыргызте- леком" ААК |
| 13 | Кыргыз Республикасы- нын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу | 2015-жыл- дар | Инвести- циялар, гранттар жана башка тартылган каражаттар | Калктын аялуу катмарына санариптик берүүнүн жеткиликтүү- лүгүнө колдоо көрсөтүү боюнча механизмдерди жана чараларды аныктоо | Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоо | ММТМ, ТКМ, МБА |
| 14 | Аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо | 2015-жыл- дын майы | МБАнын жана байланыш жаатындагы ишкердик субъект- тердин каралган каражатта- рынын чегинде | Аналогдук берүүлөргө жыштыктарды ыйгарууну токтотуу | Аналогдук берүүлөр өчүрүлөт | МБА, байланыш жаатындагы ишкердик субъекттер |

Эскертүү: Кыскартуулардын тизмеси: ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комму- никациялар министрлиги; МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы; МБА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги; МСК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио- берүү корпорациясы; ЭлТР - "ЭлТР - Коомдук телекөрсөтүүсү" Кыргыз Рес- публикасынын телерадиоберүү компаниясы; "Кыргызтелеком" ААК - "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому; STВ - Set-top-Вох - санариптик телекөрсөтүү приставкасы.
