# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 412
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16163/edition/1137480/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (15.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94593

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-июлу № 412 Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Нускаманын бекитилгендиги тууралуу билдирсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- кошумча маселелер пайда болгон учурда консулдук мекемелердин кызмат адамдарына нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий электрондук сайтын колдонуу менен маалымат алмашуу аркылуу көмөк көрсөтсүн;

- өз убагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине нотариат жаатындагы жаңы киргизилгендер жөнүндө маалымдап, методикалык колдонмолорду алмашууну жүргүзсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
