# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 406
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16157/edition/464731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94585

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-июлу № 406 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 2011-жылдын 19-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштыруу жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун бланктарын персоналдаштыруу жагындагы күчү бүткөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 684 "Калкты Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун бланктарын персоналдаштырууга ыйгарым укук берилсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- Кыргыз Республикасынын калкын Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
