Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июлу № 400 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерин социалдык жактан колдоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
биринчи абзацындагы "2005-жылдын 1-январынан баштап" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын; экинчи абзацында: "276" цифрасы "800" цифрасына алмаштырылсын; ", жакшы жана эң жакшы баалары бар студенттер - 257 сом, жалаң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 239 сом" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзацында: "239" цифрасы "720" цифрасына алмаштырылсын; ", жакшы жана эң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 221 сом, жалаң жакшы баалары бар студенттер үчүн - 203 сом" деген сөздөр алып салынсын; бешинчи абзацында: "166", "148" жана "130" цифралары тиешелүү түрдө "500","400" жана "300" цифраларына алмаштырылсын; ", канааттандырарлык баалары бар окуучулар үчүн - 110 сом" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын"; алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "окутуу мөөнөтү 2 жана 3 жылдан өйдө, тамак-аш менен камсыз болгон, эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 300 сом, жакшы жана эң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 250 сом, жалаң жакшы баалары бар окуучулар үчүн - 200 сом белгиленсин.";
- 2-пунктта:
төртүнчү, онунчу жана он биринчи абзацтарындагы "208", "500" жана "400" цифралары тиешелүү түрдө "624", "1450" жана "1200" цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап колдонулат.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине…Постановление · 27.06.2005 · № 261
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-декабрындагы № 3713-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.12.2013 · № 3713-V