# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 383
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.03.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94568>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16146/edition/1144465/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94568.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.03.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө" токтому (01.03.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94568

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-июну № 383 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706, 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомдорунун редакциясына ылайык) «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн системасын өркүндөтүү жана алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасы (мындан ары - Программа);

- (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрдагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрдагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрдагы N 706 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын планы.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөр белгиленсин:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүү 2014-жылдын 1-январынан башталат;

- Программанын аткарылышы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706, 2017-жылдын 1-мартындагы N 131 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:

- отчёттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин;

- (Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

(Төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) (Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баалоо жүргүзүү маселесинде методикалык жана консультациялык жардам көрсөтсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
