Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн» тартиби (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 токтому менен бекитилген
Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
2. Экологиялык паспортту иштеп чыгуу, бекитүү жана макулдашуу
3. Экологиялык паспорттун түзүмү жана мазмуну
Тиркеме. Экологиялык паспорт
Ушул Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) чарбалык жана башка иш объекттеринин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо жана иш процессинде алардын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин жана эрежелерин сактоосун контролдоо максатында чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспортту тариздөөгө жана мазмунуна талаптарды белгилейт. Ишканалардын типтерин классификациялоо "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-февралындагы № 78 "Ишканалардын типтеринин классификаторунун негизги схемасы жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
1. Жалпы жоболор
1. Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт (мындан ары - экологиялык паспорт) - бул ченемдик-техникалык документ болуп саналат, анда ишканалар жөнүндө, ишкана тарабынан пайдаланылуучу ресурстар (жаратылыш, экинчи жолу иштетилүүчү жана башкалар) жөнүндө маалыматтар камтылган. Экологиялык паспорт ишкананын өндүрүшүнүн курчап турган чөйрөгө болгон таасиринин деңгээлин аныктоо үчүн пайдаланылат.
2. Экологиялык паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар ар дайым оңдоп-түзөө режиминде болууга тийиш.
Эгер өндүрүш кайра профилдештирилсе же технологиясы өзгөрсө, жабдуулар, чийки заттар же материалдар алмашса, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген терс таасирдин булактарынын саны азайса же көбөйсө, кубаттуулугу жана менчигинин түрү өзгөрсө курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча экологиялык паспортко толуктоо киргизилет же оңдоп-түзөө жүргүзүлөт.
3. Экологиялык паспорт калдыктардын саркындылары жана чыгарылышы боюнча "Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарбалык жана башка иш обьекттери үчүн иштелип чыгат.
2. Экологиялык паспортту иштеп чыгуу, бекитүү жана макулдашуу
4. Экологиялык паспортту иштеп чыгуу үчүн өндүрүштүн негизги көрсөткүчтөрү, газ жана суу тазалоочу курулмалардын паспортундагы маалыматтар, мамлекеттик статистикалык отчеттуулук формасы жана башка ченемдик укуктук актылар негиз болуп саналат.
5. Экологиялык паспорт чарбалык иш объекттеринин өздөрү же уюм (жак) тарабынан тиркемеге ылайык формада 2 нускада иштелип чыгат.
6. Экологиялык паспорт чарбалык иш объекттеринин жетекчиси тарабынан бекитилет жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
7. Экологиялык паспортту макулдашууда жана бекитүүдө кайчы пикирлер пайда болсо акыркы чечим курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
8. Экологиялык паспорттун бекитилген нускасы 15 күндүн ичинде курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, экинчи нускасы чарбалык жана башка иш объектисинде сакталат.
9. Экологиялык паспорт колдонулууга киргизилгенден баштап беш жылдык мөөнөткө иштелип чыгат же ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык оңдоо киргизилет.
3. Экологиялык паспорттун түзүмү жана мазмуну
10. Экологиялык паспорт төмөнкүдөй ирээтте жайгашкан бөлүмдөрдөн турат:
- титулдук барак;
- чарбалык иш объектиси жана анын реквизиттери жөнүндө жалпы маалымат;
- өндүрүш технологиясынын баяндалышы жана продукция жөнүндө маалымат, чарбалык иш объектисинин материалдык агымынын схемасы;
- булгоочу заттардын атмосферага чыгуусу;
- чаңды, газды тазалоочу жабдуулардын мүнөздөмөсү;
- иондоштуруучу нурлануу булактарынын радиациялык кооптуулугунун мүнөздөмөсү;
- сууну керектөө эсеби;
- тазалоочу курулмалардын мүнөздөмөсү;
- чарбалык иш объектисиндеги саркынды суулардын балансы;
- чарбалык жана башка иш объектисинин калдыктарынын мүнөздөмөсү;
- чарбалык иш объектисинин транспорту;
- чарбалык иш объекттеринин жайгашуусунун кырдаалдык схемасы.
Тиркеме Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибине
Форма
Макулдашылды: Бекитемин: Курчап турган чөйрөнү Чарбалык иш объектисинин коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жетекчиси ишке ашыруу боюнча ыйгарым ________________________ укуктуу мамлекеттик (аты-жөнү) колу органдын жетекчиси 20__-ж. "__" ___________ ____________________________ (аты-жөнү) колу 20__-ж. "__" _____________
М.О. М.О.
ЭКОЛОГИЯЛЫК ПАСПОРТ ____________________________________ (чарбалык иш объектисинин аталышы) _____________________ иштелип чыкты датасы
Колдонуу мөөнөтү - 5 жыл
Шаар, жыл
Чарбалык иш объектиси жөнүндө жалпы маалымат
| Маалыматтын аталышы | Экологиялык иштелип чыккан учурга карата | Өзгөртүү- лөр жана өзгөртүү- лөрдү киргизүү датасы |
|---|---|---|
| 1. Чарбалык иш объектисинин аталышы | ||
| 2. Чарбалык иш объектисинин почталык дареги | ||
| 3. Аты-жөнү, кызматтык телефондору: | ||
| - чарбалык иш объектисинин жетекчисинин; | ||
| - курчап турган чөйрөнү коргоого жооптуу кызмат адамынын | ||
| 4. Алыш-бериш эсебинин номери жана банктын аталышы | ||
| 5. Курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, дареги жана телефондору |
1-таблица
Чарбалык иш объектисинин өндүрүшүнүн (ишинин) кыскача мүнөздөмөсү
| Чийки заттын түрлөрүнүн жана көмөкчү материалдык ресурстардын аталышы | Чийки зат пайдаланылган өндүрүштүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Отчеттук жылдагы чийки затты керектөөнүн көлөмү |
|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 |
2-таблица
Саркындылардын атмосферага чыгуусу
| Сар- кынды була- гынын № | Саркынды булагынын аталышы | Булгоо- чу зат ├──────┬─────┤булак- | Булгоочу заттардын иш├──────────────┬──────┼──────┬─────┤ жүзүндө абаны ├──────┬───────┤ лан- булгоосу, бардыгы ган г/сек. | Анын ичинде (т/жыл) тазаланбаган уюшту- рулган т/жыл | ПДВ таза- Уюшту- рулба- тардан | г/сек. гандан кийин булак- тардан | т/жыл | ||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
3-таблица
Чаңды, газды тазалоочу жабдуулардын мүнөздөмөсү
| Газ тазалоочу жабдуунун аталышы | Пайдала- нууга кирги- зилген жыл | Тазалоо тепкичи- нин саны, монтаж- доо жылы | Булактын аталышы жана номери | Кармалып калган (зыян- сыздандырыл- ├────┬──────┤ ган) заттардын аталышы | Тазаруу деңгээли, % дол- боор | иш жүзүн- дө |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
4-таблица
Иондоштуруучу нурлануу булактарынын радиациялык кооптуулугунун мүнөздөмөсү
| № | Булактардын аталышы | Изотоптордун аталышы ├───────────┬───────────┤ | Булактарды көмүү шарттары Көмүлгөн жер | Көмүү датасы |
5-таблица
Сууну керектөөнүн эсеби
| Көрсөткүч- төрдүн аталышы ├───────┬───────┤ дын, | Продукция бирдигине сууну керектөө ченеми ма Айлануу суу, куб.м | Суткадагы продукция- нын көлөмү,├──────┬────┬────────────┤булактары, жумушчулар- дыгы├──────┬─────┤ суунун Таза ичилүү суу, куб.м | Суунун иш жүзүндө сарпталышы, куб.м/сут. Айлан- транспорт- тун саны, сугарылуучу аймактардын аянты ж.б. | Суу менен камсыздоо Бар- жана кайта- лап пайда- лануу | Анын ичинде | алынган өндү- рүшкө | тири- чи- ├────┬─────┤ лик- тик ке- рек- төөгө | көлөмү Жер ал- дын- дагы суу- лар | Жер үс- түн- дөгү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Өндүрүштүк керектөө | |||||||||
| Керектөө | |||||||||
| Аймактарды сугаруу, анын ичинде чаңдан коргоочу иш-чараларга | |||||||||
| Жашыл өсүмдүктөрдү сугаруу | |||||||||
| Жайларды жана жабдууларды жуу | |||||||||
| ж.б. |
6-таблица
Тазалоочу курулмалардын мүнөздөмөсү
| Тазалоо методу, саркынды сууларды ├──────┬──────┤лышы тазалоочу курулмалардын аталышы, пайдаланууга берилген жылы | Өткөрүү мүмкүнчүлүгү,├─────┬────┼────────┬─────────────┬───────┤ миң куб.м/жыл мг/л Дол- боор боюнча | Ингредиент Ата- боюнча, Иш жүзүн- дө | Тазалоонун натыйжалуулугу КБЧ, концентрация, | Долбоор жүзүн- | Орточо тазалоо- нун ├──────┬──────┤ таза- % | Иш иш жүзүндө Топ- толго- ну, мг/л | дө, Акка- ны, мг/л | ланган % |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
7-таблица
Чарбалык иш объектисиндеги саркынды суулардын балансы
| Көрсөткүч- түн аталышы ├────┬─────────────┤Менчик тазалоо- | Саркынды суулардын топтолуусу ├───────────────┬───────┤ не, аймактын Шаардык Бар- дыгы├──────┬──────┤ анын ичинде | Анын ичинен тазалоого алынганы рельефине ж.б. Анын ичинен: калык) Өнөр жайлык | Жаратылыштагы суу объекттери- чу курулмаларга чыгарылат Чарба- лык- ├───────┬───────┤ лоочу тири- чилик | (посел- Таза- лоодон кийин курчап турган чөйрөгө чыгары- лат | тазаланбастан таза- ├───────┬───────┤ Кийинки тазалоо үчүн шаардык канали- зацияга топто- лот | курул- маларда | ||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| Отчеттук жылда чыгарылган саркынды суулардын көлөмү: | ||||||||
| - иш жүзүндө | ||||||||
| - план боюнча |
8-таблица
Чарбалык иштин өндүрүш объектисинин калдыктарынын мүнөздөмөсү
| Кал- дык- тардын аталы- шы | Калдык булак- тары түзүл- гөн жерлер | Кал- дыктар жай- гашкан жер | Кал- дык- тар- дын кооп- туу- лук клас- сы | Кал- дык- тар ээле- ген жалпы аянт | Пайда бол- гон кал- дык- тар- дын саны, тонна | Кайра иште- тил- ген кал- дык- тар- дын саны, тонна | Сатыл- ган же башка юриди- калык же жеке жак- тарга берил- ген кал- дык- тардын саны, тонна | Кал- дык- тын коду├────┬──────┤ нент- | Физикалык мүнөздөмө Кон- сис- тен- ция | Негиз- ги компо- Тыгыз- дыгы, г/куб см | тер боюнча кал- дык- тардын курамы |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
9-таблица
Чарбалык иш объектисинин транспорту
| № | Транспорт каражаттарынын аталышы | Транспорт каражаттары- нын саны | Сарпталган отун, тонна/жыл | Керектелүүчү отундун түрлөрү |
|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламентЗакон · 08.05.2009 · № 151
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 357 "Чарбалык жана башка иш объекттери үчүн экологиялык паспорт түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2013 · № 357
- Постановление Правительства КР от 17 февраля 1998 года №78 "Об основной схеме классификатора типов предприятий"Постановление · 17.02.1998 · № 78