# "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 322
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2884/edition/735133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 токтому менен бекитилген) (16.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94539

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 токтому менен бекитилген

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары

3. Дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыздоого катышуучулардын өз ара мамилесинин тартиби

4. Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча эсеп жана отчет

5. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышын контролдоо

1-тиркеме. Борбордоштуруп сатып алуу үчүн дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмеги 2-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга жалпыланган өтүнмө 3-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өтүнмө 4-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга акчалай квота жөнүндө маалымат 5-тиркеме. Тендердик комиссиянын протоколунан көчүрмө бөлүк 6-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн тендердин натыйжалары жөнүндө маалымат 7-тиркеме. Саламаттык сактоо уюмуна дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнүн кабыл алуу актысы 8-тиркеме. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга такталган өтүнмө 9-тиркеме. 20\_\_-жылдын учурдагы кварталында дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө маалымат 10-тиркеме. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын саламаттык сактоо уюмуна берилишин салыштыруу актысы

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга катышуучулардын ортосундагы мамиленин жана аларды керектөөчүлөргө - Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына берүүнүн тартибин жөнгө салат.

2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:

- медициналык камсыздандыруунун финансылык каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;

- жарандардын Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында мамлекеттик контролдон өткөн дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды алууга укуктарын камсыздоо;

- саламаттык сактоо уюмдарында дарылоо-дартты аныктоо процессин жүргүзүү.

3. Дарылоо процессин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында саламаттык сактоо уюмдары дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын бекитилген ооруканалык тизмелерине ылайык дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга каралган каражаттарга аларды өз алдынча сатып алышат, буга борбордоштуруп сатып алууларга каралган каражаттар кирбейт.

4. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.

2. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары

5. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуунун катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламатсакмин);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - ММКФ);

- саламаттык сактоо уюмдары;

- берүүчү.

3. Дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыздоого катышуучулардын өз ара мамилесинин тартиби

6. Саламатсакмин:

- ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча борбордоштурулган сатып алуулар үчүн дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин бекитет;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу үчүн бир жылга жалпыланган өтүнмөнү ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде ушул Жобонун 3-тиркемесинде белгиленген форма боюнча кварталдарга бөлүштүрүү менен түзөт. Жалпыланган өтүнмө ММКФ тарабынан аныкталган финансылык каражаттардын көлөмүн (квоталарды) эске алуу менен ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген формага ылайык облустар боюнча 1 (бир) жылга, кварталдарга бөлүштүрүү менен түзүлөт;

- ММКФ жана саламаттык сактоо уюмдары менен макулдашуу боюнча жалпыланган өтүнмөгө сатып алынуучу каражаттардын номенклатурасы, көлөмү, финансылык камсыздалышы боюнча өзгөртүүлөрдү кварталына 1 (бир) жолу, кезектеги квартал башталганга чейин 2 (эки) айдан кечиктирбестен киргизет. Жалпыланган өтүнмө ММКФга акыркы макулдашуу үчүн кезектеги квартал башталганга чейин 2 (эки) ай мурда берилет;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштурулган сатып алуу боюнча тендерлик комиссиянын ишине катышат.

7. ММКФ:

- берүүлөрдү жана келишимдин шарттары аткарылышын мониторингдейт;

- кварталдарга бөлүштүрүү менен тиешелүү жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде республиканын облустары боюнча дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга жалпыланган өтүнмө боюнча финансылык камсыздоонун ченемин (квотаны) аныктайт жана аны кезектеги кварталдын башталышына чейин Саламатсакминге, ММКФнын аймактык башкармаларына, саламаттык сактоо уюмдарына берет;

- Саламатсакминге жана саламаттык сактоо уюмдарына тендерди өткөрүүнүн жыйынтыктарын ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүгө келишим түзгөн берүүчүлөрдүн тизмесин ушул Жобонун 6-тиркемесинде белгиленген форма боюнча, берилүүчү дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын тизмелерин кошо тиркөө менен маалымат берет;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген отчетторду жана маалыматты талдайт;

- саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга каралган каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышына контролду камсыздайт;

- берүүчүлөрдүн саламаттык сактоо уюмдарына дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүсүнө контролду камсыздайт;

- саламаттык сактоо уюмдары сатып алуучу дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына талдоо жана мониторинг жүргүзөт;

- саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга берген өтүнмөлөрүнө талдоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамына ылайык дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууларды уюштурат жана жүргүзөт;

- саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун эсебинен саламаттык сактоо уюмдары менен сатып алынган дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын суммасына өз ара эсептешүүнү берүүчү менен тиешелүү бухгалтердик документтерди (коштомо кагаз, кабыл алуу актысы, ишеним кат) ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык тариздеп жүргүзөт;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүү аяктагандан кийин берүүчү менен ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык салыштырып текшерүү актысын тариздейт.

8. Саламаттык сактоо уюму:

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга 1 (бир) жылга кварталдарга бөлүштүрүү менен, ММКФ тарабынан аныкталган каражаттын суммасынын (квотанын) чегинде өтүнмө түзөт жана өтүнмөнү пландаштырылып жаткан квартал башталганга чейин 3 (үч) ай мурун Саламатсакминге берет. Өтүнмө кварталына бир жолу квартал башталганга чейин 2 (эки) айдан кечиктирилбестен ушул Жобонун 8-тиркемесинде каралган форма боюнча такталышы мүмкүн;

- дары каражаттарга жана медициналык багыттагы буюмдарга өткөн мезгилдеги (квартал, ай, жыл) берүүлөр боюнча нарктык-артыкчылыктык талдоо (VE№/ABC талдоо) жүргүзөт;

- келишимде аныкталган мөөнөттө жана тартипте дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүлөрдөн кабыл алат. Товарды кабыл алуу саламаттык сактоо уюмунун материалдык-жооптуу адамы тарабынан ушул Жобонун 7-тиркемесинде белгиленген формада кабыл алуу актысы менен жүргүзүлөт;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өткөрүү/кабыл алууда алардын эсеп-фактурада көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин, бирдейлигин текшерет, анын ичинде берүү номерин, жарактуулук мөөнөтүн, сертификация фактысын текшерет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобого ылайык дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын предметтик-сандык эсебин жүргүзөт;

- дары менен камсыз кылууну жакшыртуу, өтүнмөлөрдү, номенклатураларды түзүү, алуунун көлөмүн, шарттарын өзгөртүү, сактоо жана эсепке алуу шарттарын жакшыртуу, дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сарамжалдуу пайдалануу жана башка багыттар боюнча сунуштарды киргизет;

- берүүчүдөн товарды алынганына жараша ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык салыштырып-текшерүү актысын тариздейт;

- ушул Жобонун 9-тиркемесине ылайык борбордоштуруп сатып алуу боюнча дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө ММКФга белгиленген мөөнөттө отчет тапшырат;

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүдөн кабыл алууда берилген дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын келишимде айтылган талаптарга ылайыктыгы үчүн жетекчи жана материалдык-жооптуу адамы аркылуу жоопкерчиликте болот.

9. Берүүчү:

- дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу боюнча тендерлерге/тооруктарга катышат;

- тендердин/тооруктун жыйынтыгы боюнча дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп берүү жөнүндө ММКФ менен келишим түзөт, тизмеге жана келишимдин шарттарына ылайык саламаттык сактоо уюмдарына дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнү камсыз кылат;

- берүүнүн натыйжасында алынган дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт;

- берүүнүн аягында ММКФга берүү аяктаганын далилдечү, тийиштүү түрдө таризделген документтерди келишимдин шарттарына ылайык берет (товарды берүүгө тизменин бир нускасы, кабыл алуу актысынын бир нускасы);

- берилүүчү товардын сапаты үчүн жоопкерчиликте болот.

4. Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча эсеп жана отчет

10. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 224 токтому менен бекитилген Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобого ылайык жүргүзүлөт.

11. Сатып алынган жана берилген дары каражаттарга жана медициналык багыттагы буюмдарга саламаттык сактоо уюмунун провизор-фармацевти (же ошого ыйгарым укуктуу адамы) тарабынан берилген каражаттын өтүнмөгө жана жарактуулук мөөнөтүнө шайкештиги жагынан борбордоштурулган тартипте текшерүү жүргүзүлөт.

12. Сатып алынган жана берилген дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар тууралуу маалымат Бирдиктүү төлөөчү тутумунун топтоштурулган бюджетинин каражатына сатып алынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо китебине борбордоштурулган тартипте киргизилет.

13. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө отчеттор ушул Жободо каралган мөөнөттө жана тартипте берилет.

14. Саламаттык сактоо уюмунун дары комитети тарабынан отчеттук маалыматтардын негизинде дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышына баалоо жүргүзүлөт жана бейтаптарды үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кийинки сатып алуулар үчүн болгон муктаждык аныкталат.

15. Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алуу боюнча өтүнмөнү саламаттык сактоо уюмунун ыйгарым укуктуу адамы тариздейт, ага саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин колу коюлушу керек.

5. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын пайдаланылышын контролдоо

16. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын сарамжалдуу пайдаланылышын ММКФ Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Мыйзамына ылайык контролдойт.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 1-тиркеме

Борбордоштуруп сатып алуу үчүн дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын ТИЗМЕГИ

| № | Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын аталышы | Чыгаруу формасы, дозаланышы | Эскертүү |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
|  |  |  |  |

Эскертүү: Бир жылга финансылык квотанын көлөмүндөгү препараттардын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен макулдашылат.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Телефон: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга ЖАЛПЫЛАНГАН ӨТҮНМӨ 20\_\_-жылга

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Чыгаруу формасы, дозаланышы ├─────┬─────┬─────┬─────┤ | Саны 1-кв. | 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|  |  |  |  |  |  |  |

Өтүнмө тиешелүү регион үчүн, саламаттык сактоо уюмдары боюнча өз-өзүнчө дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп берүүгө ММКФ тарабынан белгиленген финансылык каражаттардын квотасына ылайык түзүлөт.

Саламаттык сактоо министри: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Аткаруучу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 3-тиркеме

Аймактын аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Почта дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Телефону: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

20\_\_-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга ӨТҮНМӨ

Саламаттык сактоо уюму

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы)

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Чыгаруу формасы, ├─────┬─────┬─────┬─────┤ саны дозаланышы | Саны 1-кв. | Бир жылга 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|  |  |  |  |  |  |  |  |

Өтүнмө дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга ММКФ тарабынан белгиленген финансылык каражаттардын квотасына ылайык түзүлөт.

Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Аткаруучу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 4-тиркеме

20\_\_-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга акчалай квота жөнүндө МААЛЫМАТ

| № | Саламаттык сактоо уюмунун аталышы | Жалпы сумма ├───────┬───────┬───────┬───────┤ | Анын ичинде кварталдар боюнча 1-кв. | 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|  |  |  |  |  |  |  |

Эскертүү: кварталдар боюнча, кварталдын башталышына 30 (отуз) күн калганга чейин такталат.

ММК фондунун директору: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Финансылык-экономикалык талдоо башкармасынын начальниги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 5-тиркеме

Тендердик комиссиянын 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ жыйынынын № \_\_\_\_ протоколунан КӨЧҮРМӨ БӨЛҮК

Чечим: Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ тартып 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ чейинки мезгилде \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ суммага дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүчүлөр болуп аныкталышсын: Берүүчүнүн (берүүчүлөрдүн) аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Берүүнүн шарттары:

1. Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын аталыштарынын берүү учурундагы баалары менен тизмеги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2. Акы төлөө келишимде белгиленген.

3. Керектөөчүгө жеткирүү берүүчүнүн эсебинен.

4. Жеткирүү мөөнөтү келишимдин шарттарына ылайык.

5. Жарактуулук мөөнөтү: берилген күнгө карата калган жарактуулук мөөнөтү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ кем эмес.

6. Башка шарттар: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Тиркеме: Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн тендердин берүүчү боюнча натыйжасы жөнүндө маалымат, тиркелген формага ылайык.

Жетекчи: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ (М.О.) (Аты-жөнү)

Тендердик комиссиянын төрагасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Тендердик комиссиянын катчысы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 6-тиркеме

Дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүгө укук алган берүүчүнүн аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

20\_\_-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга өткөрүлгөн тендердин натыйжалары жөнүндө МААЛЫМАТ

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Дозаланышы/ таңгактоо | Саны | Баасы | Жалпы суммасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |

Тендердик комиссиянын төрагасы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Тендердик комиссиянын катчысы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 7-тиркеме

Акт түзүлгөн күн 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_

Саламаттык сактоо уюмуна дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды берүүнүн КАБЫЛ АЛУУ АКТЫСЫ

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (саламаттык сактоо уюмунун аталышы) берүүчү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (берүүчүнүн аталышы)

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Дозаланышы/ таңгактоо | Саны | Баасы | Жалпы суммасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|  |  |  |  |  |  |

Саламаттык сактоо уюму: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы) Директор: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_

М.О. (Аты-жөнү)

Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Материалдык-жооптуу адам: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Берүүчү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы) Жооптуу адам: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_

М.О. (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 8-тиркеме

Аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Почталык дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Телефону: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

20\_\_-жылга дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды борбордоштуруп сатып алууга ТАКТАЛГАН ӨТҮНМӨ

Саламаттык сактоо уюму

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы)

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Дозаланышы/ таңгактоо ├─────┬─────┬─────┬─────┤ саны | Саны 1-кв. | Бир жылга 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |

Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Аткаруучу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 9-тиркеме

Уюмдун аталышы: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Почта дареги: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Телефону: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

20\_\_-жылдын учурдагы кварталында дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын кыймылы жөнүндө МААЛЫМАТ

| № | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | Чыгаруу формасы, дозаланышы | Баасы ├───────┼───────┼───────┼───────┤ | \_\_\_\_\_ карата калдыгы Саны, суммасы | Кириш Саны, суммасы | Чыгым- далышы Саны, суммасы | Калдык \_\_\_\_\_ Саны, суммасы |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |

Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобого 10-тиркеме

Түзүлгөн күнү 20\_\_-ж "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_

Дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын саламаттык сактоо уюмуна берилишин

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы) САЛЫШТЫРУУ АКТЫСЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Берүүчү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы)

| № | Мазмуну ├───────────┬───────────┼───────────┬───────────┤ | Сатып алуучу Дебет | Берүүчү Кредит | Дебет | Кредит |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | 20\_\_-жылга сальдо |  |  |  |  |

ММК Фондунун директору: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_

М.О. (Аты-жөнү)

Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү) Берүүчү: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аталышы) Жетекчи: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_

М.О. (Аты-жөнү)

Башкы бухгалтер: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_-ж. "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Аты-жөнү)
