# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлу № 393 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлу № 393 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 393
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/94528>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-16139/edition/478998/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/94528.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлу № 393 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/94528

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-июлу № 393 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри жана Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-ж., № 22, 692-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 4-беренесинин экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар деп таанылгандарга.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
