Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 ноября 2013 года № 638 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О приватизации жилищного фонда в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-11-25.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 1-июлу № 393 "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри жана Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991-ж., № 22, 692-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 4-беренесинин экинчи бөлүгү төмөнкү мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар деп таанылгандарга.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- О приватизации жилищного фонда в Кыргызской РеспубликеЗакон · 20.12.1991 · № 681-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 638 “Кыргыз Республикасында турак жай фондусун приватташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу”…Постановление · 25.11.2013 · № 638 · Күчүн жоготкон